Биз менен байланышыңыз

Айзат: Жасалгасы татаал тортторго химикаттар көп кошулат (happycake.kg)

Блог | 6 Мар 2020 | 16882 | 0

Ар бир майрам же туулган күн болсун тортсуз элестетүү кыйын. Мындан улам 8-март− Аялдардын эл аралык майрамынын алдында Кыргызстандагы кондитердик тармак жана торттордун сапаты тууралуу «Happy Cake» компаниясынын директору Айзат Айтпай кызы менен маектештик.

-Саламатсызбы? “Хэппи кейк” кондитердик тармагы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? Бул бренд кандай негизделген?

−»Happy Сake» бренди бул Казакстанда негизделген. Тагыраак айтканда, Солтоновдордун үй-бүлөсү негиздеген, үй шартында профессионалдуу жасалган, даамдуу жана органик азыктардан тортторду чыгарат. Башында Сауле деген айым үйүндө отуруп эле тортторду өзүнүн ыкмасы менен жасай баштаган. Бул тортторду башында тааныштары буюртма берип, андан соң Астанада элдер бири-биринен угуп эле кардар боло баштаган. Андан соң, Сауле айымдын жолдошу ири мунай компаниясындагы жумушун таштап, жубайынын үй шартында жасалган тортторун бизнеске айландырууга киришкен. Учурда алар бул брендди франшизага берип баштады. Happy cake кондитердик компаниясынын негизги өзгөчөлүгү: тортторду таза, органикалык азыктардан жасоо жана салык, ж.б өз убагында төлөө, мамлекетти жана кардарларды алдабоо болуп саналат. Мындан улам биз франшизаны сатып алып жатканда да ушул нерселерге өзгөчө көңүл бурулду.

-Казакстандагы брендди Кыргызстанга кандай шарттар менен алып келдиңиздер?

−Биз бул компанияны сиңдим аркылуу угуп,  Солтоновдордун үй-бүлөсү менен таанышууга шарт түзүлдү. Мен өзүм башка тармакта ишкерлик кылган элем. Бирок бул жаатта да өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Алар башында франшизаны башка өлкөгө берүүгө каршы болду. Себеби, алар алгач Казакстандын бардык шаарларында ачып, андан соң чет өлкөгө чыгуу планы болгон экен. Бирок мен ага болбой эле, азыр ачпасак, эки жылдан кийин кеч болуп калат деп көндүрдүм. Натыйжада быйыл Happy cake брендин Кыргызстанга алып келдик. Бизде бардык нерсе өтө дыкат каралат. Менин жеке пикиримде, азырынча мындай жогорку деңгээлдеги кондитердик фабрика Кыргызстанда жок болсо керек. Болсо да өтө аз санда деп ойлойм. Биз адал азыктарга маани беребиз. Айрыкча кызматкерлерге акы төлөгөндө да баары ачык болушу керек.

-Жарнамаларда сиздер торттор жалаң табигый азыктар менен жасалат, ГМО жок деп айтып жатасыздар. Бизге жалпак тилде түшүндүрүп берсеңиз, табигый азыктар менен жасалган торттун эң негизги айырмачылыктары кандай?

−Биздин торттордун даамы үй шартында жасалгандай болушу шарт. Негизги өзгөчөлүк ушул. Анан азыктарды алганда пальманын майы кошулбаган болушу зарыл. Биз жалаң Алайдын балын колдонобуз. Ал эми “сгущенное молокону” Кыргызстанда сапаттуусун таппай  койдук. Баарында пальманын майы кошулган болуп чыкты. Мындан улам биз бул азыкты Казакстандан бир гана фирмадан алдыртабыз. Себеби, франшизаны шарты ушундай. Башка кошулмалардын баары дагы  таза азыктар. Азыркы тапта базарда кошумча татымал берүүчү заттар өтө көп. Бирок биз алардын бирин да колдонбойбуз. Мисалы, какаону эле алсак, азыр крахмалды боеп эле какао деп саткандар өтө көп. Таза какаону бир эле жерден таптык. Анын бир кг эле 900 сом турат. Ал эми майды болсо, Талас облусунун өзүнөн алып келебиз. Жумуртканы да жалаң сертификаты бар болсо гана алабыз.

−Табигый азыктар менен жасалган торттун баасы да салыштырмалуу кымбат болсо керек? Кыргызстандын рыногу сиздердин бааны кандай кабыл алды?

-Биздин тортторду байкасаңыз, кооздуктары өтө жөнөкөй. Биз атайын ушул ыкманы тандаганбыз. Себеби торт канчалык татаал кооздолсо, ага ошончо химикат көп кошулат. Мисалы, Европада мастиканы үлпөт тойдун тортунун бетине чаң түшпөөсү үчүн гана колдонушат. Кескенде аны сыйрып салат. А бизде болсо, дээрлик бардык тортко эле андай кооздуктар кошулууда. Бул туура эмес. Себеби мастика шекер менен крахмалдан жасалат. Мындан улам табигый азыктардан турган торттун баасы башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак. Бирок  биздин торттор кичинекей эмес, 1-1,5 кг башталат. Баасы 950 сомдон башталат. Бирок, базарда башка торттор 400-500 гр баасы 500 сом. Мындан улам биз адал тамакка маани берген кардарлар үчүн эң эле ыңгайлуу баа сунуштайбыз.

−Алдыдагы пландарыңыз кандай?

-Алдыда биз Happy cake кондитердик азыктарын Ошко жана башка шаарларга да ачууну пландап жатабыз.

Эгер сиз Happy cake тортторун майрамдык дасторконго буюртма берүүнү кааласаңыз, Инстаграмдан @happycake.kg деп издесеңиз болот. Ал эми телефон номери 0990 909071

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM