Биз менен байланышыңыз

Бардык үмүт жаздын келишинде. Коронавирусту кантип жеңсе болот?

Блог , Ден соолук | 3 Мар 2020 | 3337 | 0

Кээ бир окумуштуулардын айтымында, коронавирустун жайылышы жаздын келиши жана абанын температурасынын жылышы менен жайлап калышы мүмкүн. Себеби көптөгөн вирустар суукта гана активдүү боло алышат.

SARS-CoV-2 коронавирусу Кытай, Түштүк Корея, Япония, Италиядан кийин болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен эми Германияда тарап жатат. Анткен менен өлбөгөн жанга жаз да келди. Эми бул вирустун жайылышын күндүн жылышы гана токтото алчудай. Бардык үмүт эртерээк жаздын келишинде болуп калды окшойт. Эгерде бул вирус кадимки грипп вирусу сыяктуу болсо, абанын жылышы менен курчуган абал өзүнөн-өзү чечилет деп айтышат оптимисттер. Жаздын келиши менен грипп адамдар менен күн сууганга чейин коштошкондой, коронавирус эпидемиясы да күн сууганга чейин эс алат окшойт.

Бирок мындай үмүттөр өзүн актаар бекен? Ганновердеги Эксперименталдык жана клиникалык инфекцияларды изилдөө борборунун вирусологу Томас Питчман бул суроого так жооп берүү кыйын деп айтат. Себеби грипптин вирусу менен SARS-CoV-2 вирусун салыштырууга мүмкүн эмес. Бул вирус тууралуу бизге азыр көп нерсе белгилүү эмес деп эсептейт.

Вирус – бат бузулуучу продукт

Бул вирустун өзгөчөлүгү – адамзаттын аны менен алгачкы ирет беттешкенинде болду деп түшүндүрөт окумуштуу. Кытайдан алган маалыматтардын негизинде вирус жаныбардан адамга болгону бир гана жолу өткөндүгүн, ушул бир гана жолку пациент инфекциянын адамзатка таратылышына себепчи болгон.

Гриппке каршылык көрсөтүү адамдын организминде калыптанган

Коронавирус менен кадимки грипптин айырмачылыгы бар. Кадимки гриппке карата адамда каршылык көрсөтүү мурдатан иштелип чыкса, коронавирус менен күрөшүүгө адамдын иммундук системасы дээрлик даяр эмес экендиги аныкталды.

Абалдын курчушуна түндүк жарым шарда азыр SARS-CoV-2 вирусунун тез жайылышы үчүн идеалдуу шарттар өкүм сүрүп тургандыгы болуп турат.  Дем алуучу жолдорду жана өпкөгө зыян келтирген  респиратордук ооруларды козгоочу вирустар өздөрүн төмөнкү температураларда жакшы сезишет. “Суукта алар муздаткычтагы өндүрүмдөр сыяктуу эле узагыраак сакталышат”, — деп түшүндүрдү Томас Питчман.

Жылуулукта жана нымдуулукта вирустар тез эле өлүшөт

Күн канчалык жылыган сайын көптөгөн вирустардын жашап кетүүсү кыйындай баштайт. “Коронавирус липиддер менен капталып, башкача айтканда майлуу катмарга ээ болуп, температуранын жылышы менен бузула баштап, вирус да аны менен кошо өлүшү мүмкүн. Бирок ошону менен катар ысыкка чыдамдуу вирустар да бар. Мисалы, буга ичеги инфекцияларын козгогон белоктордон жана геномдордон турган норавирустардын бар экендигин да айтсак болот”, — дейт окумуштуу.

Кээ бир козгогучтар үчүн сырткы температура эч кандай принципиалдуу мааниге ээ эмес. “Денге” аттуу вирус, маселен, тропикалык жана субтропикалык климаты бар аймактарда кезигет. Себеби бул аймактарда вирусту тараткан чиркейлер көп. Башкача айтканда, оорунун тарашына температура эмес, курт-кумурскалар мааниге ээ.

Бирок көпчүлүк жагдайда вирустун таркалышы абанын нымдуулугуна көз каранды. Аба канчалык кургак болсо, ошончолук жугузуп алуу коркунучу бар. Атмосферага вирус ооруган адам чүчкүргөндө же жөтөлгөндө тарайт. Вирус сыртка чыгып алгандан кийин ал абада асылып калат. Суук, абасы кургак кышкы күндөрдө вирус бар тамчылар, абанын жогорку нымдуулугуна караганда асылган абалда көбүрөөк сакталып турушат.

Абадан алар соо адамдын организмине келип киришип, башында алар өздөрүн билгизбей тынч алып жүрушөт. Оорунун алгачкы симптомдору билингенче жумалар өтүп кетиши мүмкүн. Вирустун инкубациялык мезгилинин узактыгы вирустун өзүнүн биологиялык мүнөздөмөсүнө байланыштуу болот.

Аялдардын организми эркектердикине караганда күчтүүрөк келип, вируска туруштук бере алат

Вирустук инфекциялардын типтүү симтомдору – тердөө, муундардын оорусу, чыйрыгуу. Бул симтомдордун пайда болгондугун организмдин вирус менен күрөшө баштагандыгы деп түшүнүү керек. Күрөштүн канчалык ийгиликтүү болору адамдын жаш курагына гана эмес, анын жынысына да байланыштуу болот. SARS-CoV-2 вирусун жуктуруп алган аялдарга караганда эркектердин көбүрөөк өлгөндүгүн статисика көрсөттү. Эркектердин өлүмү 2,8 пайызды көрсөтсө, аялдардын өлүмү 1,7 пайызды көргөзгөн.

Томас Питчман муну аялдар менен эркектердин организмдериндеги генетикалык айырмачылык деп түшүндүргөн. Кээ бир иммунитет үчүн мааниге ээ, вирусту таанып билүүгө жөндөмдүү гендер Х-хромосомасында катылган. Аялдарда Х-хромосомасынан экөө болсо, эркектерде бирөө гана болот. Андан сырткары, аялдарга вирустук инфекциялардан коргонуу үчүн жыныстык эстроген гормондору жардам берет. Мындай гормондор эркектерде жок.

Балким, жаздын башталышы менен SARS-CoV-2 вирусу активдүүлүгүн жоготуп, түндүк жарым шарга оойт. Ал арада Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун түштүк жарым шарда жайгашкан Бразилияда катталганын билдирди. Ал жерде кыш эми гана башталып келе жатпайбы…

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM