Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облустары кызматташуу боюнча план бекитти

Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 1083 | 0

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чараларынын планы бекитилди. 22-февралда Баткен облусунда эки тараптуу жолугушуу болду.

Документке өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кол койду.

Иш-чаралар планы 33 пункттан турат.

«Анда негизинен социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымак жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар жаатында чогуу аракеттенүү белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Облус башчыларынын макулдашуусуна ылайык, алдыда бул иш-чаралар белгиленген мөөнөттө, биргелешип аткарылмакчы.

Аталган иш-чара Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM