Биз менен байланышыңыз

“Континенттерди байланыштырган кабелдерди чалгындоодо” деп орус атайын кызматтары шектелүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 393 | 0

“Континенттерди байланыштырган кабелдерди чалгындоодо” деп орус атайын кызматтары шектелүүдө

Ирландиянын атайын кызматтары орус атайын кызматтары Ирландияны база катары колдонуп, диверсия кылуу үчүн Европа менен Американы байланыштырып турган кабелдерди изилдөөдө дейт. Бул тууралуу Sunday Times басылмасы жазып чыкты.

Ирландиянын укук коргоо органдары орус атайын кызматтарынын өлкөнүн аймагында жана анын деңиз менен чектешкен жээктеринде активдүү аракет кылып жатышат деп шек санашууда. Sunday Timesтын айтымына караганда, орус агенттери Америка менен Европанын байланыштырып турган океандын түбүндөгү жип оролгон оптикалык кабелдердин жайгашуусун так аныктоону максат кылышкан.

Ирландия континенттердин ортосундагы интернет-трафикти камсыз кылган баштапкы чекит болуп эсептелет. Басылма орус агенттери келечектеги диверсиялар үчүн алардын алсыз жерлерин текшерип жүргөнүн жазды. Мурдараак орустун Атлантика океанындагы аскердик кемелери жана суу алдындагы кемелери бул кабелдерди изилдеп жүргөнүнө шектелген эле.

Ирландиялык атайын кызматтар орус атайын кызматтарын жергиликтүү сырткы чалгындын мажүрөөлөгүнөн пайдаланып, Ирландияны өзүнүн базасы катары пайдалангысы келгенинен шек санап жатышат. “Чалгындоо ишмердүүлүгүн мурда Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырган орустардын ГРУсу жүргүзүп жатат” дейт Sunday Times.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM