Марал Радиосу

АКШ Кыргызстанга виза берүүгө чектөө киргизди. Себебин элчи түшүндүрдү [видео]

31-январда, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

Маалыматка караганда, Кошмо штаттары кыргыз паспортторунун аброю, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдируүдө. Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизет.

Элчинин айтымында, бул чечим кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу процедураларынын тезделишин шарттайт.

АКШ элчилиги мейман визаларын, жана анын ичинде туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат.

Кошумчалай кетсек, бул визалык чектөөлөр буга чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визаларына таасирин тийгизбейт.


Америка Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизет