Марал Радиосу

Абхазияда президенттик шайлоо кампаниялары старт алды

Абхазияда президенттикке талапкерлердин үгүт кампаниялары бүгүн, 22-январдан тарта расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу өлкөнүн БШК төрагасы Тамаз Гогия билдирди.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери 11-февралга чейин уланмакчы. Төраганын айтымында, шайлоого 15 миллион рубль бөлүнөт.

Алдыда президенттикке талапкерлер БШКнын лингвистика комиссиясына атайын абхаз тилинен экзамен тапшырып, абхазча дил баян жазып, өзү тууралуу айтып бериши керек.

Эске салсак, 13-январда Абхазия президенти Раул Хажимба нааразычылыктан улам отставкага кеткен. Анын артынан эле вице-президент Аслан Барциц да кызматын тапшырган.