Биз менен байланышыңыз

Табиятынан кооз ак илбирстер сүрөтчүнүн көзү менен (фото)

Блог , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1728 | 0

Кыргызстандын аймагында учурда болжолдуу 300-500 баш илбирс байырлайт. 1985-жылы СССР жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар туурасында Кызыл китеп кабыл алган. Ага Кыргызстандын аймагындагы бир катар канаттуулар, жан-жаныбарлар киргизилген эле. Анын ичинде ак илбирс дагы бар. Мына ошол жаратылышынан кооз ак илбирстердин ар түрдүү ирмемдерин тартып алган Влад Ушаковдун сүрөттөрү менен бөлүшөбүз.

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см. Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см.

Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350- 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет.

Негизинен ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүн гана байырлайт. Алардын бири – Кыргызстан.

Кыргызстанда илбирстер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ысык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет.

Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.

Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан, алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес.

Өлкөдө ак илбирстерге аңчылык кылгандарга 1 млн 500 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Кыргызстанда бир илбирстин баасы 10 миң доллар, ал эми сыртка чыкканда 40 миң долларга чейин жетери эл ичинде айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM