Марал Радиосу

Иран сокку урган АКШнын аскердик базасында 80 адам каза болду

АКШнын Ирактагы Айн ал-Асад аскердик базасына жасалган соккудан улам 80 адам каза болду. Бул тууралуу Press tv  Твиттердеги баракчасына жазды.

8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы аскердик базасы Иран тарабынан баллистикалык ракета чабуулуна дуушар болду.

Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу сокку үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Бул чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экени белгиленди.

Ал эми АКШ бул соккудан кабардар экенин, президент Дональд Трамп тиешелүү түрдө жооп берүү жолдорун карап жатканын Fox News телеканалы билдирди.


5-класска чейин эле окуган… Генерал Сулейманинин таржымалы


Эске салсак, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси, 62 жаштагы генерал Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон.

Аятолла Али Хаменеи баш болгон Иран бийлиги генерал үчүн өч алуу убадасын берип, АКШга сокку уруу үчүн 13 сценарий даярдалганын жар салган. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине “ири жана күчтүү” сокку жасарын билдирген.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]