Биз менен байланышыңыз

2019: Дүйнөдөгү эң ири нааразычылык акциялар жана анын себептери

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1028 | 0

Жалпы дүйнөнү алсак, 2019-жыл — көчөдөгү нааразычылык акцияларынын жылы болду. Ар кайсы өлкөдө ар кандай себептер коштоп чыкканы менен, аларды бириктирген саясий эркиндик үчүн күрөш, коомдук теңдик жана жемкордукту жоюу болду. Массалык көтөрүлүштөр бир убакта бир нече өлкөдө өтүп жатты.

Европа өлкөлөрүнөн эң ири болгон «сары кемселчендер» көтөрүлүшү Францияда орун алды. 1968-жылдан берки полиция менен демонстранттардын эң катаал кагылышы катталды. Башында «сары кемселчендер» күйүүчү майга болгон салыкты көтөрүүгө каршы жана бийликтин жай тургундарга карата көңүл кош мамилесине нааразы болуп чыгышкан. Экинчи жолкусунда көтөрүлгөн эл пенсия боюнча реформага каршы чыгышты.

Чыгыш Европа өлкөлөрүндө: Грузии, Албания жана Румынияда демонстранттар коррупцияга каршы чыгышып, жаңы демократиялык реформаларды талап кылышты.

Нааразычылык толкуну Латын Америкасына да жайылды: Чилидеги каршылыктын башталышына борбор шаар Сантьягодо метродогу жол акыны көтөрүү себеп болгон. Кийин бийлик бул жарлыкты жокко чыгарганы менен нааразычылыктар токтобой, башка шаарларга да жеткен. Жалпы өлкө социалдык теңдик үчүн көтөрүлүшкө чыкты.

Эквадордо 11 күнгө созулган башаламандыктар тынчтандырылды. Президент өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялап, кийинчерээк катаал экономика ыкмасынан баш тарткан.

Боливияда элдер мыйзам бузуулар менен коштолгон президенттик шайлоодон соң нааразычылыкка чыгышкан. Катуу көтөрүлүштөн соң шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, а жаңы президент болгон Эво Моралес бийликтен кетип, Мексикадан саясий башпаанек сурады.

Ирандагы көтөрүлүштүн себеби күйүүчү майларга карата баанын көтөрүлүшү болду. Укук коргоочулар, оппозиция жана жергиликтүү журналисттер акция учурунда жүздөгөн адамдар өлгөнүн айтышууда. Ирандагы толкундоолор тууралуу маалыматтар жайылып кетпеши үчүн Иран бийлиги бир жумадан ашык убакытка өлкөдөгү интернетти өчүрүп салган.

Айрым өлкөлөрдө демонстранттар өзгөрүүлөргө жетишти. Алсак, Иракта жемкордукка каршы калайман каршылыктан соң премьер-министр Адел Абдел Махди кызматынан баш тартты, ал эми Ливанда экономикалык кризис күч алып турган чакта салыктарды көтөргөнүнө байланыштуу өкмөт отставкага кетти.

Жыл ичиндеги ири көтөрүлүштөрдүн бири болгон Алжирде өткөн нааразычылык акциясы Абдулазиз Бутефликанын президенттик тактыга кайрадан ат салышына каршы болду. 6 жумалык көтөрүлүштөн соң күч түзүмдөрү президентти кызматтан кетүүгө чакырып, Бутефлика отставкага кеткен. Декабрь айында кайрадан шайлоо өткөрүлдү, бирок нааразычылыктар токтоп калган жок. Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор кайрадан каршылыкка чыгышты.

Гонконгдо масштабдык көтөрүлүш туткундарды материктик Кытайга экстрадициялоо мыйзамына каршы башталды. Бийликке бул мыйзамдан баш тартканга туура келди, бирок элдин басылчудай түрү жок. Бул ирет демократиялык реформа талабы менен чыгышууда.

Гонконгдо азыр да тынч деп айтуу кыйын. Демонстранттар бир топко азайганы менен, массалык толкундоолор бар-бат орун алып турат.  2020-жылы да улана тургандай түрү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM