Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан — Япония беттешине билеттер сатылып бүттү

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2019 | 538 | 0

Футбол боюнча 2022-дүйнө чемпионатына тандоо турунда өтүүчү Кыргызстан менен Япония беттешине билеттер сатылып бүттү.

Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады. Федерация 20 миңдей билет сатылганын белгилейт.

Беттеш 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Оюн 17:15те башталат.

Эске сала кетсек, стадиондун сыйымдуулугу 18 миң адамга эсептелген.

Copyright © 2017 Maral FM