Марал Радиосу

Тажик-өзбек чек арасында ок атышуу катталып, 17 адам каза болду [сүрөт]

Бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасады. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь, түнкү саат 3:23 чамаларында куралчан топ чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган. Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда, Дүйшөмбү шаарынан 60 км алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта орун алган.

Күч кызматкерлери тарабынан куралчан топтун 15и өлтүрүлүп, бешөөсү кармалды.

Ок атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны 17.

Тажикстандын Ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган.


Тажик-өзбек чер арасында «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү чабуул уюштурган


Учурда окуя болгон жерде оперативдүү-изилдөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

*