Марал Радиосу

Жапония: Өрт чалган аниме студиясынын жабыркаган кызматкерлери жумушка чыга баштады

Ушул жылдын июль айында Жапониядагы Kyoto Animation аниме-студиясы өрттөнүп, 33 кызматкер жабыркаган болчу. 18-октябрда анын 27си кайрадан жумушка чыкты. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өрт учурунда жарат алган 4-5 жабырлануучу дагы деле ооруканада дарыланууда.

18-июлда «Kyoto Animation» студиясында өч алгысы келген адам атайын бензин чачып, өрттү уюштурган. Анын айынан 36 адам каза болду. Дагы 33 адам ар кандай жаракат алган. Өрт чыккан учурда студияда 70ке жакын адам болгон. Өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн.


Жапония: «Kyoto Animation» студиясы өрттөнүп, 10 адам каза болду (видео)


«Kyoto Animation» жапон компаниясы 1981-жылы түзүлгөн. «KyoAni» деп кыскартылган анимациялык студия «K-On!», «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад» сыяктуу анимелери менен белгилүү.


Өрт чыккан Киотодогу анимациялык студиясына коркутуулар болгон