Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан. Шайлоого кимиси канча коротот?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 922 | 0

Кыргызстан менен Тажикстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт, ал эми Өзбекстанда 2019-жылдын декабрь айында өткөрүлөт. Ага утурлай кайсы өлкө шайлоо үчүн канча каражат бөлүнгөнүнө көз чаптырдык.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри өлкө бюджетинен 2020-жылдагы парламенттик шайлоо үчүн 1 млрд 214 млн 300 миң сом (17 млн доллардан ашык) бөлүнөрүн айтат.

Өзбекстан шайлоо жүргүзүү үчүн жалпы  230,5 миллиард сум (25 млн доллардын тегерегинде) каражат бөлгөн.

Тажикстан төмөнкү палатага шайлоо жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 80 млн сомони (8 млн доллардан көбүрөөк) бөлөрүн айткан.

Ал эми Монголия 2020-жылдагы парламенттик шайлоо үчүн 17 млн доллар бөлүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM