Японияны каптаган «Хагибис» тайфуну алып келген суу ташкындын кесепетинен каза болгондордун саны 66га жетти. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, тайфундан 16 аймактагы 181 өзөндүн суусу ташыган. Бул 10 миңдей үйдү суу астында калтырды. 133 миң үй таза суусуз, 34 миң үй дагы деле жарыксыз калууда. Оңдоп-түзөгөнгө чейин 520 миң турак жай жарыксыз болчу. Табигый кырсыктан 66 киши каза болду. Дагы 15 киши дайынсыз жоголгон, 212 киши ар кандай жаракат алган. Кырсык орун алган аймактарда 110 миңден ашуун коргоо кызматкерлери, милиция жана куткаруу топтору иш алып барышууда.