Марал Радиосу

Изабеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду [видео]

Кыргызстандык Чынарбек Изабеков Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк Күрөш федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Беттештин видеосун Instagram колдонуучулары жүктөдү.

Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Грузиянын Тибилиси шаарында өтүп жатат. Изабеков 12-октябрда эркин күрөш түрү боюнча 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, үч беттеш менен финалга чыккан.

Эми ал финалда ирандык балбан Али Аббас Чехрер менен беттешип, атаандашына 2:1 эсебинде утулуп күмүш медалды ээледи.

Чынарбек Изабеков Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаттарына бешинчи ирет катышып жатат. Ал буга чейин эки алтын, бир күмүш, бир коло алган.


Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Тазабек Икрамов күрөштөн Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту (ВИДЕО)


Грузиядагы быйылкы чемпионатта Кыргызстанга:

8-октябрда башталган Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты бүгүн 13-октябрда жыйынтыкталат.