Кыргызстандык Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы “Түрк дүйнөсү” документалдык фильмдердин фестивалынын “студент” категориясында башкы байгени жеңди. Тасманын автору өзү салтанатка келген эмес. Белек иш чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязга тапшырылды.
Тасмада көк бөрү ойноп, улакчы болууну көксөгөн Аяна аттуу кыз тууралуу айтылат. Фестивалдын алкагында бул тасма Түркиянын 9 шаарында жана башка мамлекеттерде көрсөтүлөт.
Быйыл тажрыйбалуу жана жаш режиссерлордун тасмалары конкурста эки: “Профессионалдар” жана “Студенттер” категорияда ат салышты. Жалпысынан түрк мамлекеттеринен 150 тасма конкурста сыналган.