Биз менен байланышыңыз

Кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги өтөт

Кыска кабар , Спорт | 12 Окт 2019 | 518 | 0

Өлкөдө кыргыз күрөшү боюнча биринчи жолу  Азия биринчилиги өтөт. Ага 12 өлкөдөн спортчулар катышат.  Күрөш 27-28-ноярбда Кожомгул атаныдагы спорт сарайында өтө тургандыгын  жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Мелдеште  жети салмак түрү боюнча медалдын 28 топтому ойнотулат. Ошондой эле Азия чемпионаты Эл аралык кыргыз күрөшү федерациясы бекиткен эрежелер боюнча өтөт.

Айта кетсек, Чемпионатты уюштуруу үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 481 миң сом бөлүнгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM