Биз менен байланышыңыз

Путин Түркмөнстандын президенти менен жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2019 | 511 | 0

Орусиянын лидери Владимир Путин Туркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов  жолукту. Анда Aurus автоунаасын сатуу жана башка тармактарда да  кызматташуу пландарын сүйлөшүштү. Бул тууралуу РИА Новости сайты жазды.

Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү акыркы жети айда 62 пайызга өскөн. Путин бул көрсөткүч  жакшы экенин белгилеп, автоунаа куруу жаатында да жетишкендиктерин айтты.

«Аурус» автоунаасы сизге жакканына кубанычтамын. Бир жыл аралыгында кызматташтыгыбыз ийгиликтүү болду.»— деди Путин.

Өз кезегинде Бердымухамедов Россия биринчи Каспий форумун өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Түркмөнистан  «Аурус-седан» автоунаасын сатып алууга  тапшырык берди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM