Бишкек шаарында жана Чүй облусунунун аймагында бүгүн, 11-октябрда катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн, ал эми Чүй өрөөнүндө шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрге жетиши ыктымал. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.