Биз менен байланышыңыз

JIA Бишкек инвестициялык форумун өткөрөт

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 627 | 0

Бүгүн, 11-октябрда JIA Бизнес ассоциациясы кезектеги Бишкек инвестициялык форумун өткөрөт. Анда ишкерлер менен инвесторлордун кызматташтык куруусу үчүн чоң аянтча түзүлөт.

3 жыл аралыгында Кыргызстан боюнча 2500дөн ашуун ишкер форумга катышып, BIF аянтчасында 700 долбоор сунушталды, ишкерлер 9,5 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык келишимге кол коюшту.

Форумдун алкагында эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес долбоорлор презентация кылынат, катышуучулар экономика жана бизнес тармагындагы өзгөрүүлөр жана мүмкүн болгон тренддерди жана ошондой эле ишкерлер үчүн жаңы кызматташтык багыттарын талкуулашат.

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Чехиядан, Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, биримдиктер катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM