Марал Радиосу

«Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктү Орусия тааныбайт»

Мамлекеттик каттоо кызматы жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлерине жаңы үлгүдөгү күбөлүк алууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«2011-2012-жылдары берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Бирок эл аралык стандарттар боюнча, маселен, Орусияда мындай документ жараксыз болуп эсептелет. Андыктан, жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктүн ээси 20-ноябрдан тарта жаңы күбөлүк алса болот.  Эгерде ага чейин алмаштырам десе, документтин баасы 1 жарым миң сомго чыгып кетет», — дейт Туйбаева.

Ал мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын аймагында жарактуу экенин айтты.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк качан берилери айтылды

Туйбаева белгилегендей, эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк китеп түрүндө 3 жылдык мөөнөт менен берилет.

«Пластик түрүндөгү айдоочулук күбөлүк — улуттук күбөлүк. Жарандар башка өлкөгө туруктуу жашаганы баратса, эл аралык үлгүдөгү күбөлүк колдонот. Бирок ал документ улуттук айдоочулук күбөлүксүз жараксыз болуп саналат», — дейт Туйбаева.

Белгилей кетсек, жарандар айдоочулук күбөлүк, транспорт каражаттарын каттоо маселелери боюнча 119 кыска номуруна байланышып, суроолорго жооп ала алышат. Чалуу акысыз.