Биз менен байланышыңыз

АКШдан майыптык арабалар алынып келинди

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1034 | 0

«Кросслинк Дивелопмент Интернэшнл» Коомдук кайрымдуулук фонду Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга майып балдар үчүн 200 араба, чыгырык жана балдактарды алып келди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган коомдун менеджери Кайл Зиммерлинин айтымында, майыптык арабалар майып балдардын муктаждыгына жараша атайын тандалып алып келинген.

Шал оорусуна чалдыккан балдарды араба менен камсыз кылуу үчүн учурда министрлик менен тыгыз иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM