Марал Радиосу

Тажикстан Сириядан дагы 575 жаранын алып келет

Тажикстандын бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалып турган тажик аялдар менен балдарды мекенине кайтарууга даярданып жатат. Болжол менен алардын 90нун аялдар, 200дөн ашыгын жаш балдар түзөт.

Быйыл жазында Тажикстан Ирактагы согуш талааларында курман болгон жарандарынын 84 баласын мекенине алып келген болчу.

Тажикстандын маалыматына ылайык, 2014-жылдан бери 1900 жаран Ирак жана Сирия аймактарындагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен.


Тажикстан Ирактагы лагерь жана түрмөлөрдө жаткан 84 баланы алып келди


Орто Азия боюнча алсак: