Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун сотунда Курсан Асанов сурак берди

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 418 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи Май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишинде күбө катары көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы 13-майда Дүйшөнкул Чотонов тик учак менен Ошко учуп барганын айтты.

— 2010-жылы 13-майда баарыбызга белгилүү болгондой Убактылуу Өкмөткө каршы күч пайда болуп, облустук администрацияны басып алган. Ошол учурда Бишкектен тик учак менен мурунку Коргоо министри Исмаил Исаков, ошол учурдагы ИИМдин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков жана Дүйшөн мырзалар учуп келген. Ал ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. Тосуп алуучулардын бири мен болгом. Күндүз учуп келишкен. Саат канчада учуп келгенин так айта албайм.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 17-октябрга жылдырылды. Бүгүнкү отурумда күбөлөр сурак берди.

Сотто айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов 13-майда Ошко учканы боюнча 4 генерал көрсөтмө бергенин жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Ал ошондой эле дагы бир маанилүү күбө, Кыргыз аэронавигация ишканасынын жетекчилиги көрсөтмө берип, ал 2010-жылдын 13-май күнү Ош облусуна болгон 1 тик учак учканын айтканын кошумчалады.

29-августта Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM