Биз менен байланышыңыз

Асылбек Маратовду Кыргыз тили күнүнө карата өткөн концертке киргизбей коюшту

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 729 | 0

Төкмө акын, «Айтыш» коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовду бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз тили күнүнө карата өткөн концертке киргизбей коюшкан. Бул тууралуу акын өзүнүн  «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Бүгүн 23-сентябрда Улуттук филармонияда тил майрамына карата Президентибиздин катышуусунда өткөн концертке келсем, тизмеде жоксуң деп түртүп киргизбей коюшту. Кечээтен бери аткаминерлер эки акын ырдайсыңар деп сынактан өткөрмөкчү болушуп чакырып, ырдатып көрүштү эле. Тил маселеси жайында акындык дилимден чыккан сунуштарды, орчундуу ойлорду камтыган ырымды ырдап бергем. Бирок андай ыр азыркы бийликке жакпайт окшойт…«, — деп жазган Асылбек Маратов.

Белгилей кетсек Асылбек Маратов — улуттук көйгөйдү көп көтөргөн төкмө акындардын бири таанымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM