Биз менен байланышыңыз

Дудь: Саясий көйгөйлөрдү айтууга чакырам

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 750 | 0

Орусиялык журналист жана видеоблогер Юрий Дудь үчүнчү ирет «GQ» журналынын «Жылдын адамы» сыйлыгына ээ болду. Ал «Орусия Ютубунун жүзү» деп аталды.

Блогердин Түндүк Осетияда болгон «Беслан» окуясынын 15 жылдыгына карата тарткан даректүү тасмасын 3 күндүн ичинде 9,5 миллион адам көргөн. Мындан сырткары, «Колыма — биз корккон мекен» аталышындагы 3 сааттык даректүү тасмасы да коомчулукта резонанс жараткан.

Сыйлыкты тапшыруу аземи Чайков атындагы Москва мамлекеттик консерваториясында өттү. Сахнага чыккан блогер өз сөзүндө көрүүчүлөрдү жана коомчулукту саясий көйгөйлөр боюнча үн чыгарууга убакыт келгенин айтты.

«Менин суранычым бар. Орусияда мындан ары жөнөкөй жаранды бирөө сабап жатканда, кимдир бирөө мамлекеттин акчасын кезектеги вагон менен уурдап жатканда, кезектеги макулатура (керексиз кагаз) шайлоо урнасына ташталып жатканда, мен сиздерден суранам, бул тууралуу сөз кылалы, айталы, унчукпай калбайлы», — деди Дудь.

Анын кошумчалашынча: «Унчукпай кутулчу, куткарылуучу убакыт өттү. Эч нерсе айтпасаң эле, сен демек тынч үйдө эмессиң. Убакыт келсе, Рублево-Успен шоссесинде болсо да үйүңүзгө келет».

Дудь үчүнчү ирет бул сыйлыктын лауреаты болду. Биринчи жолу «GQ» журналынын сыйлыгын ал телеканалдын спорттук кабарчысы катары алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM