Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Сотторду тандоодо президенттин жоопкерчилиги болушу керек

Күн чекит | 11 Сен 2019 | 747 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алып, судьяларды тандоо сынагынын сапатын жогорулатуу керектигин айтты. Президент сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор тургандыктан, судьялык кызматка талапкерлерди кароодо алардын адеп-ахлагына көңүл бурууга чакырды.

Учурда сотторду тандоо кандай жүрүп жатат жана кандай өзгөрүү керек? Бул темада юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев менен «Күн чекит» програмасында маек курдук.

Марал: — Негизи сотторду тандоодо кандай критерийлер болушу керек?

Бекбосун Бөрүбашев: — Сотторду тандоо жолун өзгөртүү, жоопкерчиликти күчтөндүрүү — бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси. Себеби, сот системасына, сотторго нааразылык көп. Бирок ошол эле учурда, Кыргызстандагы сот системасында иштегендерди тандоо Судьяларды тандоо кеңеши жана президент аркылуу өтөт. Мисалы, президент Жогорку Соттун судьялыгына талапкерди парламентке сунуштап, жергиликтүү сотторду өзү бекитет. Ошондуктан Судьяларды тандоо кеңеши менен президент Кыргызстандагы сот системасын түзгөн органдар болуп эсептелет. Бул системадагы кемчиликтерди да, жетишкендиктерди да жогоруда айтылган эки орган мойнуна алышы керек.

Кандай гана коом болбосун, анын негизги принциби — бул, адилеттүүлүк. Адилеттүүлүктү соттор гана камсыз кыла алат. Акыркы жылдарды алсак, эгемендүүлүк алгандан бери эле сот системасына нааразылык көп.

Марал: — Президент айтып жаткандай, сотторду тандоодо алардын адеп-ахлагын, ыйманын кантип аныктаса болот?

Бекбосун Бөрүбашев: — Мен да ушул жагдайды ойлонуп, Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө мыйзамды карап чыктым. Анда сотторду тандоонун жолу, критерийлери баары жазылган. Ошол эле учурда, баары болбосо да, сот системасында мекенчил, өз ишин жакшы билген судьялар да бар. Бирок былтыр эле 6-7 судьяны иштен алды, бир канчасынын иши сотко өттү. Мындан тышкары, Сотторду тандоо кеңеши ката кетирип жатканын билебиз да. Мисалы, Жогорку Кеңешке барганда да аталган кеңеш мыйзамдуулуктан чыгып кетип жатканын сындашат. Ошондуктан эң биринчи кезекте сотторду тандаган Сотторду тандоо кеңешинин жана президенттин жоопкерчилигин караш керек.

Марал: — Соттор бийликтин айтканын аткарат деген түшүнүк өзгөрдүбү?

Бекбосун Бөрүбашев: Өзгөргөн жок. Анткени, сотторду тандоо, Жогорку Кеңеш аркылуу шайлоо, кызматка коюу жолдору мурунку бойдон эле турат. Саясий бийликтен кандай буйрук келсе, ошондой кылып ишке ашырышат. Акыркы окуяларды эле карасаң, соттор кимге кандай мамиле кылганы көрүнүп турат. Бирок сотторду түзгөн жогорку бийлик, парламент, президент, Сотторду тандоонун кеңеши, Тартип комиссиясынын эч кандай жоопкерчилиги каралбай жатат. Себеби, алардын жоопкерчилиги мыйзамда каралбагандыктан, сөз жүзүндө гана калып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM