Былтыркы окуу жылы өзгөчө аяктап, быйылкы окуу жылы өзгөчө башталды. Окуучулар мектепке кадам таштаганына кубанса, чоңдор үчүн билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү дагы бир ирет эске салышына себеп болду. Окуу куралдарынын жетишсиздиги, китеп, аттестаттардагы каталар жана Нарындагы контейнер мектеп катуу талкуу жаратты. Ал эми президент ар тараптуу сындардан кийин Билим берүү жана илим министрин кызматтан алды.
Бүгүнкү күндө коомчулуктун катуу сынына кабылган Билим берүү жана илим министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Исаковду көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Тармактык комитеттин алдына келип сөз сүйлөгөн Исаков бул тармакты ичинен билерин айтып, системага жоопкерчилик менен жаңы дем берүү ниети бар экенин белгиледи.
— Мүмкүн болушунча билим берүү системасына позитив берели, мугалимдерге ишеним жараталы деп жатабыз. Мугалимдерге жаңы бир дем берели деген ниетим бар. Эң башкысы, сапатуу билимге басым жасайбыз. Өзгөчө мектепте тарбия процессине, окуу китептердин сапатына — балдарга жугумдуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүүгө басым жасайбыз.
Талапкердин ой-пикирин уккан тармактык комитет Исаковду колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каратуу боюнча токтом кабыл алып беришти.
Каныбек Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган соң, социалдык тармактарда анын дарегине ар түрдүү сын-пикирлер айтылды. «ОшМУ өлкөдөгү коррупцияга баткан жогорку окуу жай, анан жетекчиси кантип министр болот?» — дегендер бар. Ошол эле учурда, «Билим берүү системасын ийне-жибине чейин мыкты билет, күчтүү реформатор», — деген колдоо пикирлер да арбын.
Билим берүү боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаров Каныбек Исаковдун буга чейинки тажрыйбасын эске алуу менен кайсы бир деңгээлде ишеним артса болот деген пикирде. Анын кошумчалашынча, окуучулардын билим сапаты, негизги көйгөй бойдон калууда.
— Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетине кайсы абалда келди? Азыр кандай деңгээлге көтөрдү? Демек, кандайдыр бир ишеним көрсөтсө болот. Билим берүү системасы бүгүнкүдөй сазга кептелип турган мезгилде, «Бир гана жетекчинин келиши абалдын оңолушуна себеп болот», — деп айтуу кыйын. Менин пикиримде, окуучулардын билим сапатын негизги көйгөй катары кароо керек. Дагы бир көңүл бурчу маселе — мектепке чейинки билим берүүгө ата менен эненин аралашуусун канчалык деңгээлде кеңейте аларыбыз.
Өкмөттө орун бошору менен эл өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүнү адатка айлантты. Билим берүү тармагын жаңы нукка бура алат дегендердин катарында билим берүү боюнча серепчи Догдуркүл Кендирбаеванын да аты аталды. Бул тармак боюнча ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирүү жазган. Анын пикиринде, жетекчи алмашкан менен система алмашмайынча, өзгөрүү болору күмөн.
— Билим берүү системасын саясаттан ажыратмайынча, эч нерсе алдыга жылбайт! Агартуучулар саясий мобилизатор болбош керек! Анткени, чыныгы реформатор ийгилик үчүн саясатка да каршы барышы мүмкүн! Ушул мезгилге чейин ал тигил саясатчыга же бул саясатчыга иштеген деген жана жеңбей калса жектеген принципти калтыруусу зарыл. Министрге чечим кабыл алууда бийликти, депутатты карап кылчактабастан, тайманбай иштөө эркиндигин берүү керек! Негизинен мыктылардын, көк жалдардын көз карашы эркин, позициясы бекем болот!
Сингапурда билим берүү системасын дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгарган реформалык тажрыйбасы бар. Бул өлкөдө билим берүү тармагын Экономика министри башкарат. Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын пикиринде, билим берүү системасы коомчулуктун өнүгүүсүнөн тикелей көз каранды.
— «Билим берүү тармагы — бул, коомдун күзгүсү», — деп айтылат. Коом кандай кабыл алса, кандай өнүксө, билим системасы да ошондой өнүгөт. Ошондой эле, билим көз каранды. Анткени, каржы кошулса, материалдык база оңолсо, жаңы усул, жаңы ыкмалар ааламдашканга барабар келген жолдор киргизилсе бир жөн. Бирок өзүбүздүн экономикабыз чабал болгондон кийин, оңдоп кетет деп айтуу кыйын. Ошондуктан элибиз жардам беришибиз керек.
Кошумчалай кетсек, Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштады.
Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.
БибиМур
10.09.2019 19:44
Окуу китептеррнин сапатын жакшыртууда томонкулорго конул буруу зарыл:
1. Окуу китептерди даярдоо, басып чыгаруу жагына Эл аралык долбоорлор аралашпаса. Анткени, «долбоордун мооноту бутуп баратат, жабылып калат, акчаны алып калалы» деп шаштырышып, китептердин шашылыш турдо жазылышын талап кылышат. Андан тышкары каталары коп окуу китептерин «созсуз ондоп келебиз, авторлорго ондотобуз, бекитип бергиле» деп министрликти да, КАОну да кондуруп, бекиттирип алышат. Бекилгенден кийин ондотпостон туруп апробацияга жана котормочуларга кетиришет.
2. Долбоорлор министрлик менен суйлошуп, стандарт-программаларды жанырта калышып эле, алардын негизинде жаны китеп жазуу керек дегенди адат кылып алышты. Чын-чынына келгенде жаны стандарттар менен программалардын структурасы, кебете-кешпири озгортулгону менен, фундаменталдык ядросу, б.а. окутуучу негизги темалардын мазмуну анчалык кескин озгорууго учураган жок. Натыйжада, эскирбеген эле окуу китептерге да конкурс жарыяланып, конкурстан кайра эле мурунку автордун китеби утуп, апробациядан да ийгиликтуу отконуно карабай, «мурдагы китебинди озгортпопсун» деп авторду ур-токмокко алган учурлар да жок эмес, китепти конкурстук комиссия тандап алса да.
3. Айрым предметтер боюнча окуу китептер мектептерге толук жете электе, 11-класска чейин жазылып буто электе же жогорку класстарга жаныдан эле жетип окутула баштаганда программалар озгоруп кеткен учурлар да болууда. Же, жаны программа боюнча бир китеп пайдаланууга берилсе, кийинки класска анын логикалык уландысы болгон жаны китеп чыкпай, кайра мурдагы китептерге кайтууга мажбурлаган учурлар да коп.
4. Кыргыз тилинде жазылган окуу китептерин орус тилине адис гана которуу керек, таптакыр предметке тиешеси жок, ал предмет боюнча жетиштуу билими жок агентстволорго котортуп, ошол бойдон апробацияга коё берип, авторлорду турдуу сайттардын шылдындоосуна калтырган учурлар бар. Котормолор да созсуз турдо экспертизадан откорулушу керек.
5. Мектептер китеп боюнча бизнес борборуна айланып баратат. Жасалма «дефицит» тузулгон окуу китептер да мыйзамсыз кобойтулуп, подземкаларда кымбат баага сатылып жатат. Мисалы, 8-кл. химия окуу китеби (авт. Рыспаева Б., Рысмендеев К., Кудайбергенов Т.) министрлик 20 000 (жыйрма мин) гана даана басып чыгарганына карабай, негизги окуу китеп катары милдеттуу турдо колдонулуучу китептердин «Кут билим» газетасына жарыяланган тизмесине жазып, мугалимдер ошону гана талап кылып, ата-энелер жен ичинен чыгарылып сатылган китептерди 400-500 сомго сатып алууга муктаж болушууда.
6. Мугалимге керек болуучу ар кандай материалдарды — сабактын даяр иштелмелерин, календардык пландарды, ар турдуу тапшырмалар, оюндар, маселелер жыйнактарын китепче кылып жасап алышып, эч кимдин уруксатысыз эле каалаган бааны коюп, жерине жеткирип берип саткандар кобойду. Бул мугалимдерди жалкоолукка, бироонун сценарийи менен сабак отууго туртуп, билим сапатына созсуз терс таасирин тийгизет.
7. Кайсы бир автордун эмгегин: китебин, окуучулар учун жумушчу дептерлерин ксерокопиядан откоруп, сапатын бузуп, колу жеткен мектептерге саткан учурлар абдан кобойду.
Эгерде мектептерди окуу куралдары менен камсыздаган атайын басма, балким «Мектеп» басмасы тузулуп, бардык мектептерди китеп-дептерлер менен бирдей денгээлде толук камсыз кылып турса, ошол эле учурда кайсы китепке же башка окуу куралдарына суроо-талап коп болуп жатканына саресеп салып турса, бардык мектепке жана бардык мугалим-окуучуга бирдиктуу мамиле болмок жана билим беруу бюджетине да пайда тушуп, мугалимдердин, ата-энелердин чонтокторуно да ашкере зыян келе бермек эмес. Баары козомолдо болмок.
8. Кайсы программа, билим стандарты жана окуу китеби моралдык жактан эскиргенин, жаны талаптарга жооп бербей калганын жана кайсы китептерге конкурс жарыяланышы зарылдыгын министрлик менен Билим беруу академиясы биргеликте атайын изилдоолордун негизинде аныктап турса туура болмок.