Марал Радиосу

Эгемендүүлүк күнүнө карата өзгөчө куттуктоолор

Бүгүн, 31-август кыргызстандыктар таңды бирин-бири эгемендик майрамы менен куттуктодон башташты. Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык салтанатта президент Сооронбай Жээнбеков саясат менен ашкере алектенүүнү токтотуп, экономикалык жана башка тармактарда өнүгүүнү жолго салуу керектигин белгилеген.

Жээнбековдун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу (толугу менен)

Мындан сырткары, Орусия, АКШ, Кытай, Түркия баш болгон бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүп жатышат.

Бир катар өлкөнүн президенттери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Социалдык тармактарда эгемендиктин 28 жылдыгына арналган посттор абдан көп чыгып жатат. Алардын эң өзгөчөлөрүн сунуштайбыз:

Украиналык жаш блогер Саша Бельский, 5 ай аралыгында интернет аркылуу кыргыз эли менен жакындан таанышып, достошууга да жетишкенин айтып, видео куттуктоо даярдаган. Ал Кыргызстан жөнүндө өз өлкөсүнө караганда да көп маалымат билерин айтып, кыргыз тилинде каалоо-тилегин жолдогон.

Ал эми “Кант” авиабазасынын аскерлери “өлкөнүн эң башкы байлыгы-аны эмгеги менен дүйнөгө таанытып, маданиятына жана тарыхына аяр мамиле жасаган элинде” деп, куттуктоосун өзгөчө тасма менен толуктаган.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргыз элин куттуктоосу менен гана эмес, озүнүн кыргызчасы менен да таң калтырды.

Ал эми Гарреттин АКШлык кесиптеши Дональд Лу Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учүн атайы боз үй тигип жаткан видеосун фейсбуктагы баракчасына жарыялап, «Бул күндү сиз кандай өткөрөсүз» деп толуктаган.

Жогорку Кеңештин депутаттары да четте калбай, көпчүлүгү өздөрүнүн социалдык баракчалары аркылуу куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов кесиптештеринен өзгөчөлөнүп элине болгон каалоо-тилегин ыр менен жеткирүүнү туура көргөн.

Марал радиосунун жалпы жамаатынын атынан дагы бир ирээт эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктайбыз!