Марал Радиосу

Түркия Кыргызстандын нотасына жооп кайтарды

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге нота берди. Бул тууралуу Анадолу маалымат агеттиги жазды.

Өмүралиев Түркиянын ТИМине чакырылган жана нотаны өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал тапшырган.

Алар берген нотада Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 5-июнда этникалык түрктөр жашаган Орок айлындагы жаңжалда өз милдетин аткарганы, муну менен  Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган. Мындан сырткары, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук байланыш адаттагыдай уланары белгиленген.

Кошумчалай кетсек, 6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты чакырып, нота тапшырган. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоо эскертилген.

ТИМ Женгиз Камил Фыраттын аракети боюнча Түркияга нота жиберди