Биз менен байланышыңыз

Израиль эли: Нетаньяхунун Эрдоганга айлануусуна жол бербейбиз

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2019 | 519 | 0

Израилдин борбору Тель-Авивде өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун аракеттерине каршы нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Өлкө мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, өкмөт башчысынын кол тийбестик ыйгарым укуктары сакталып, ага каршы соттук иш ачууга тыюу салынышы мүмкүн. Мындан сырткары, жаңы мыйзамда Жогорку соттун ыйгарым укуктарын чектөөчү беренелер да бар экени айтылууда.

Эл көтөрүлүшкө түрктөрдүн улуттук баш кийимин кийип чыгышкан. Алар мындай аракети менен Биньямин Нетаньяхуга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу чексиз ыйгарым укуктарга ээ болушуна жол бербей турушканын айгинелешкен.

«Нетаньяху, сен да биз сияктуу жарандардын өкүлүсүң. Биз сенин Эрдоганга айланышыңа, Израилдин Түркияга айлануусуна жол бербейбиз» — дейт «Еш Атид» партиясынын лидери Яир Лапид.

Нааразычылык акциясына 100 миңден ашуун адам катышты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM