Биз менен байланышыңыз

Индияда жаңы өкмөт башчы дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2019 | 384 | 0

Индиянын президенти Рам Натх Ковинд «Бхарата жаната» партиясынын лидери Нарендра Модини өкмөт башчылыкка кайрадан дайындады. Бул тууралуу Рам Натх Ковинд өзүнүн Twitter’деги баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, президент ишемби күнү Моди менен жолугушуп, жаңы өкмөт түзүп, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмесин берүүсүн өтүнгөн.

Моди жолугушуудан соң журналисттерге: «Жакын арада өкмөт өз ишин баштайт. Бир да секунд текке кетпейт», — деп билдирген.

Эске салсак, Индияда өткөн парламенттик шайлоодо Нарендра Модинин партиясы эң көп добуш алып, көпчүлүк коалицияны түзгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM