Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйөбү?

Ден соолук | 23 мая 2019 | 1438 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы жаңы эреженин негизинде көбөйгөнүн айтты.  Бирок, дарыгерлер бул маалыматты четке кагууда. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өз жүйөөсүн  келтирет. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 89,3 %га көбөйгөн деген маалымат таратты. Тактап айтканда, 2018-жылдын октябрь айында алардын эмгек акысы бардык кошумчалары менен 11 миң 330 сомду түзсө, иш жыйынтыгына карап, дагы 10 миң 122 сом төлөнгөн. Ошол эле жылдын ноябрь айында үй-бүлөлүк дарыгердин орточо айлыгы 21 миң 497 сомду түзсө, 2019-жылдын январында айлык акы 24 миң 647 сомго чыккан. Ал эми апрель айында 21 712 сомду түзгөн.

Бирок, бул маалымат  чындыкка дал келбесин айткан ондогон дарыгер 21-майда маянаны жогорулатууну, иш шартын жакшыртууну талап кылып, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Алар айлык акы 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштай турганын билдиришкен.

Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун биринде эмгектенген, атын атагысы келбеген медайым маяна маселеси боюнча буларга токтолду:

— Бизге эч кандай квитанция берилбейт, же эч ким түшүндүрүп бербейт. Индикатордун канча упай  кошору, канча коэффициент менен  эсептеп жатканы билинбейт, туруктуулук сакталбайт. Айлыгыбыз көбөйөбү же азаябы, ага да кепилдик жок.

Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул жылдын октябрь айынан тарта, медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу каралып жаткандыгын кабарлаган. Азырынча алгачкы баскычта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медайымдардын маянасын көтөрүү боюнча иштер ыкчам жүрүп жатат. Сыйлык же дем берүүчү кошумча каражат, ишинде мыкты жыйынтык көрсөткөн ак халатчандарга жаңы ыкманын негизинде 19 миң сомго чейин берилет. Бул тууралуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бюджетти аткаруу башкармалыгынын башчысы Мирлан Шабданов билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын октябрынан тартып, жаңы ыкмада кошумча айлыктар каралган.

— 2018-жылдын 1-октябрынын тартып, кепилденген көрсөткүчтөрдү компьтердик программага киргизебиз, ал жерден программа жалпыланган упайын эсептеп чыгарып берет. Апрель айынын жыйынтыгында республика боюнча орто эсеп менен 63-65 упай алышты, арасында 90 упай алгандар да бар. Маалымат каражаттарында талкууга алынып жатканы 100 пайыз алгандарга гана берилет дегенбиз, алып жаткандар бар, айрыкча, аймактардагы жаш адистер көбүрөөк алышууда.

Ал эми Саламаттыкты  сактоо министрлигинин Байкоочу Кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгына жетиштүү акча бөлүнгөнүн кабарлады. Бирок, жогоруда айтылган ыкма айыл жериндеги дарыгерлерге ыңгайлуу болгону менен шаарда иштеген дарыгерлердин турмуш-тиричилигине жетпей турганын белгилейт.

— Азыр бул маселени өзүбүз текшерели дедик. Бишкектеги дарыгерлер: «Көтөрүлгөн жок», — деп жатышат. Райондордо: «Жакшы эле алып калдык», — дешет. Саламаттыкты сактоо министрлиги 126 миллион сом кошумча каражат бөлүнүп берилгенин билдирди. Чынын айтканда, көрмөйүнчө кимге ишенерди билбей калдык. Бюджеттен 600 миллион сом каралган. Бул үй-бүлөлүк дарыгерлерге төлөнөт. Менимче, 50 % эле кошулуп, калган сумма боюнча саясий оюндар болуп кеткен окшойт. 

Аталган тема боюнча ЖК депутаты Аида Исмаилова Өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бул чечимди шашылыш кабыл алганын айтып, министрликтин бул кадамына канааттанбаганын билдирди.

— Маселени ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кароосуна киргизип, чечим кабыл алганбыз. Биринчиден, экономикалык анализ керек. Вице-премьер-министр Өкмөттүн отчетунда мага: «Маселе жаралбайт, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлө берет, баары жакшы болот», — деп, түздөн-түз убада берген. 

Белгилей кетсек өлкө боюнча 1 миң 949 үй-бүлөлүк дарыгер бар.

                                                                             Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ 

Copyright © 2017 Maral FM