Биз менен байланышыңыз

Сомалидеги жардыруудан 6 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2019 | 530 | 0

Сомали мамлекетинин борбору Могадишо шаарында Парламенттин имаратынын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу  жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук армиянын күзөтчү аскерлери имараттын жанында токтоп турган шектүү автоунаанын ичин текшерип жаткан маалда, унаадагы зат жарылып кеткен. Жарылуудан 6 адам: Сомали улуттук армиясынын командири Фадума Али, анын күйөөсү, 2 жан сакчысы жана 2 күзөтчү аскер каза таап, 13 адам жаракат алды.

Эске салсак, буга чейин ушундай эле жардыруу Президенттик резиденцияда да болгон. Андагы жардыруу боюнча күнөөнү «Аш-Шабаб» террордук тобу алган.

Аталган окуядан эки сааттан кийин Могадишо шаарынын Даркенли аймагында да жардыруу кайталанып, анда бир аскер кызматкери каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM