Биз менен байланышыңыз

«Сабаттуу бол» акциясында мыкты баа алгандар аныкталды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 586 | 0

«Сабаттуу бол» өнөктүгүнүн Бишкек шаары боюнча жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты.

15-майда жалпы республикалык «Сабаттуу бол» өнөктүгү өттү. Ал жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катышты.

Бишкек шаарынан жалпы 1100гө катышуучу болду. 63 киши «5» деген баа алды. Алардын аты-жөнү mamtil.kg сайтына, башка катышуучулардын баалары өзүнө гана тиешелүү купуя сандар аркылуу жайгаштырылды.

Жат жазуунун тексттерин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, КР эл артисти Т.Жаманбаева, КР эл артисти Т.Абдразаева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Г.Молдоева, “Нур” академиясынын жетекчиси, алып баруучу Н.Токтосунова, КТРКнын диктору Р.Багышбаев өңдүү элге таанымал инсандар окуп берди.

Жат жазууда эң жакшы баага татыган катышуучуларды сыйлоо аземи 24-майда Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM