Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Ким камалат деп, коркуп жашап калдык окшойт

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 512 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламенттин жалпы жыйында ушул күндөрү коркуп жашап калган мезгил болуп жатканын айтты. Ал укук коргоо органдарын кылмышка тиешеси барларды камоодо мыйзамдын чегинде абайлап аракет кылууну сунуштады.

— Кыргызстан «бүгүн же эртең кимди камайт?» — деп коркуп жашап калдык окшойт. Ошондуктан, укук коргоо органдары мыйзамды тебелебестен, бир аз абайлап карашы керек.

21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна күнөөлөнүп жаткан мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды. ИИМдин маалыматында Шамил Атаханов Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Андан соң, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Батукаевге байланыштуу буга чейин 5 дарыгер кармалды. Алардын экөө үй камагына чыгарылды. Ошондой эле, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынып, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM