Биз менен байланышыңыз

Быйыл төрт маданий мекеме капиталдык оңдоодон өтөт

Билим-маданият | 8 мая 2019 | 669 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков капиталдык оңдоого муктаж болуп турган театрларды оңдоп-түзөө маселесин чечүүгө жардам берет. Бул туурасында ал 7-май күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын абалы менен таанышуу учурунда айтты. «Өлкө башчынын театрга келиши маданиятка дем берет жана театрлардын алдыга жылуусуна түрткү болот», — деп эсептешет маданият өкүлдөрү. Дегеле көп жылдан бери көңүл бурулбай келген театрларды оңдоого канча каражат керек?

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында канчалаган ролдор жаралып, канчалаган залкарлардын изи калган. Бирок сахна артындагы түйшүк, эмгек, маданият кызматкерлерине түзүлгөн шарт баарына эле маалым боло бербейт. Маселен, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 1972-жылы пайдаланууга берилген болсо, акыркы жолу оңдоп-түзөө иштерине 2010-жылы каражат бөлүнгөн. Театр азыр да капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турганын президент Сооронбай Жээнбеков 7-майда жеринен барып көрдү.

Президент Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен кошо Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына да барды. Мекемелердин абалы менен таанышкан соң, капиталдык оңдоп-түзөөнү тездетүү керектигин белгилеп, тапшырма берди. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев учурда канча каражат кетери эсептелип жатканын айтты. Эки театрдан тышкары, быйыл төрт ири маданий мекеме оңдооодон өтөрүн маалымдады.

— Азыркы тапта бул театрларды капиталдык оңдоп-түзөө үчүн атайын смета түзүлүп жатат. Тапшырма берилген. Бул экөөнөн тышкары дагы эки мекеменин: Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залынын жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын оңдоп-түзөө иштери башталганы турат. Быйылкы планга 4 мекеменин кириши маданият үчүн чоң жылыш. Кийинки пландарда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театры жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки бар.

Эл өкүлү Садык Шер-Нияз өкмөт 25 жылдан бери маданият тармагына жетиштүү көңүл бурбай келгенин, «өсөр өлкө маданияттан баштаарын» Жогорку Кеңеште айтып чыккан. Бүгүн эми президенттин өзү театрдын абалы менен таанышып, көңүл буруп жатканы маданият кызматкерлерине чоң дем берерин белгилейт. «Өлкөнүн бүгүнкү экономикалык абалын эске алганда, маанилүүсү каражаттан мурун көңүл», — дейт депутат.

— Өлкөнүн экономикасы белгилүү. Бюджеттин жетишсиздигин да билебиз. Бирок мындагы маселе каражаттан мурун аларга бөлүнгөн көңүлдө. Президенттин өзү театрга барып, андагылар менен амандашып келгенинин өзү чоң демөөр. Эми ал маданият кызматкерлери бир ай жакшы дем-күч менен иштешет.

Соңку кездерде коомчулукта «Театрга баргандар азайды», — деген кептер да болуп келген. Мунун себебин замандын талап-шарты өзгөргөнү менен байланыштырып келишет. Мурдагы министр Алтынбек Максүтов: «Эгерде театрлардагы шарттар жакшырып, акыркы заманбап технологиялардын жардамы менен спектаклдер коюлса, элдин театрга келүүсү да көбөймөк», — дейт.

Бизде коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу театрлар абдан аз. Мисалы, коңшу Өзбекстандын борбор шаарында эле 70тен ашуун театр бар. Биз жок дегенде ушул 21 театрыбызды сактап, жаңы заманбап технология менен камсыздап, шартын жакшыртмайынча, элдин келүүсү көбөйбөйт. Анткени, азыр заман өзгөрдү. Эл мурдагыдай эмнени берсең, ошону албайт. Интернет деген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, каалаганын тандап алат. Ошондуктан, театрлар оңдолуп, заманбап техника менен жабдылса, өнөр адамдарына да эргүү болуп, жакшы чыгармалар коюлмак. Элдин келиши да өзгөрмөк.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жыл сайын бюджеттен 1,8 млрд. сом бөлүнөт. Анын ичинен 8 миллиону туризм тармагына, 16 миллионго жакыны маалымат тармагына, калган бөлүгү маданият тармагына жумшалат. Бирок ал бөлүнгөн каражаттын 90 %ы айлык акыга сарпталат. Ал эми капиталдык оңдоп-түзөө үчүн каражат өзүнчө каралбайт.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM