Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер кызматта болгон учурда кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Биз азыр ушул кол тийбестик статусун алып салуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен маек курганбыз.
— Исхак Абсаматович, өзуңүз демилгелеген мыйзам долбооруна каршы добуш бериптирсиз. Себеби эмнеде?
— Себеби менин мыйзамым башкача болчу.
— Ушуга кеңири токтолсоңуз. Сиздер сунуштаган мыйзам долбоору башында кандай эле, кийин кандай өзгөрдү?
-Биринчи биз сунуштаганда жөнөкөй эле болчу. Болгону, экс-президенттердин кол тийбестигин таптакыр алып салууну гана сунуштаганбыз. Ал эми экинчи окууда, айрым Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу менен экс-президент деген жаранды жоопко тартылсын деп кошуп коюшту. Жеке пикиримде, бул — ашыкча. Мен сунуштаган долбоор өзгөрүлүп кетти. Эгерде аталган мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорго президент кол койсо, күчүнө кирип баштайт.
— Тактап коёлу, кол тийбестик дегенде аларга акысыз кызмат көрсөтүү, эс алуулары, медициналык кызматтар да киреби?
— Эс алуу, дарылануу боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Биз 2006-жылы мыйзам сунуштаганда, президентке жана жубайына гана жеңилдетүүлөр берилсин дегенбиз. Бир туугандарын кошо кошсок, аябай эле көп адам болуп кетет экен да.
— Эгерде депутаттардын уруксаты менен жоопко тартыла турган болсо, анда мурдагыдан көп деле айырма жок экен да…
— Менин оюмча принципиалдуу өзгөрүү болгон жок. Бул каралып жаткан мыйзам иштеп жаткан президентти жоопко тарткандай эле болуп калды. Биздин оюбузда, презденттиктен кеткенден кийин гана жөнөкөй жаран катары жоопко тартылсын деген оюбуз бар болчу.
— А депутаттар эмне себептен сиздердин долбоорго өзгөртүү киргизишти? Кызыкчылык бар беле?
-Бул жерде башаламан кылган — Конституциялык палата. Өткөн жылдын октябрь айында гана чечмелеп беришти. Нурбек Токтакуновдун кайрылуусу боюнча, ачык жарыялап койгон болчу. Ошондой кылып берилиши керек эле. Мыйзам кабыл алынса, биз ага баш иебиз да.
— Бул мыйзамга президент кол койсо, экс-президенттерге таасир береби?
— Албетте, экс-президенттерге түздөн-түз таасирин берет. Мен канчалык сындаган күндө да, мыйзам баары бир жоопкерчиликти сездирет. Жогорку Кеңештин макулдугу менен, башкы прокурордун макулдугу менен жол ачат да. Мен каршы болгон күндө деле, буларды алдыңкы адам деп эсептеш керек.