Биз менен байланышыңыз

Депутат: Автобекеттер иреттеле баштайт

Күн чекит | 2 Апр 2019 | 984 | 0

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп, автобекеттердин абалы боюнча маселе көтөрдү. Депутаттар ички жана тышкы каттамдар боюнча жүргүнчү жана айдоочулардын кайрылууларынын негизинде жыйын өткөрдү. Бүгүнкү күндө сыртка чыгып жаткан жана өлкө аймагында каттап жаткан автобус жана таксилер вокзалдын аймагынан каттайбы? Автовокзалдын киреше-чыгашасы кандай, бул сыяктуу суроолорго Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улукбек Ормоновдон жооп алдык.

Марал: Сиздер бүгүн ички жана сырткы каттамдардын абалын талкууладыңыздар. Учурда автобекеттердин абалы, шарты кандай экен?

Улукбек Ормонов: Автобекеттерде бардык шарттар түзүлгөн. Ошондуктан эл аралык, ички каттамдарга чыккан унаалар автобекеттин аймагынан гана чыгышы керек. Бүгүнкү жыйында айдоочулар жана жүргүнчүлөр койгон негизги маселе ушул болду.

Бишкекте эки автобекет бар, Чыгыш жана Батыш автобекети. Бүгүн алардын абалы боюнча аткарылган иштерде жылыш бар экенин көрдүк. Ошентсе да, сын-пикирлер көп болуп жатат. Өзгөчө, Бишкек шаарынан Ош — Баткенге, Ысык-Көлгө, Токмок, Кемин тарапка каттаган жолдо көйгөй арбын. Бүгүн биз мындан тышкары, Бишкектен Орусиянын Москва шаарына каттаган автобустардын да маселесин карадык.

Марал: Бүгүнкү күндө ички жана тышкы каттамдарды жүргүзгөн айдоочулар, автобус, кичи автобустардын баарын автобекеттен гана каттатып коюуга болобу?

Улукбек Ормонов: Маселе ушунда болуп жатат. Мисалы, айдоочулар Бишкектин Кулиев көчөсүндө өз алдынча туруп алышат, жеке үйлөрдөн жүргүнчү алып кетип жатышат. Бул абал бардык айдоочулардын ишине көлөкө тийгизүүдө.

Марал: Автобекетке каттамдардан түшкөн кирешенин так эсеби барбы?

Улукбек Ормонов: Илгери союз убагында каттамдардан түшкөн кирешенин так эсеби болгон. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бул маселеге анчейин көңүл бурулбай калды. Айрыкча, Бишкек-Ошко каттаган жеңил унааларга эч бир мамлекеттик орган көзөмөл кылбай калган. Айдоочулар жүргүнчү ташууда эс алып жатабы, унаасынын техникалык абалы талапка жооп береби, бул жагдайлар текшерилбей деле калып жатат. Ошондуктан ушул тапта жаңы мыйзам даярдалууда. Анда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Марал: Комитет мүчөлөрү автобекеттер боюнча бир топ тапшырмалар берилди деп айттыңыз, жыйынтык кандай болоруна көзөмөл болобу?

Улукбек Ормонов: Бишкектеги Батыш автобекеттеги шарттар жакшы экенин көрдүк. Аймагы кенен, имаратынын абалы жакшы. Ал эми Чыгыш автобекетинде унаалардын кирип-чыга турчу аймагында маселе көп. Ошондой эле каттоодо жок жеке таксилер автобекеттин аймагынан каалаган жерден жүргүнчү алып кетип жатышканы да тоскоолдуктарды жаратууда.

Жогорку Кеңештин комитети жогоруда айткан маселерди жоюу боюнча коюлган тапшырманы аткарылышын текшерет. Үч айдан кийин дагы көчмө жыйын өткөрөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM