Бүгүн, 2-апрель саат 16:00гө алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, башка кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында жарандардын жана автоунаалардын кезек күтүүсү катталган жок. Абал туруктуу, чек арачылар күндөгүдөй тартипте иш алып барышууда.
Нурик
02.04.2019 18:19
Бел чек ара маселеси биздин бийликтин алсыздыгы Казактар биздин суу сактагычка Онлайн Камера коймоксу ошол себептен ушундай жолго барышып жатат Деп ойлойм биздикилерда сууну жабыш керекда ошондо ойлонушат