Биз менен байланышыңыз

Электр буюмдарын телефон менен башкарган майып Элмурат

Коом | 2 Апр 2019 | 989 | 0

Баткен шаарынын тургуну, I топтогу майып Элмурат Ганыев турмуш-шартын жеңилдетүүнүн аракетинде. Буга мисал катары, смартфондун жардамы менен ордунан жылбай үйүн жыйнап, тамагын бышырган автоматтык системаны ишке киргизгенин айтсак болот.

Жөнөкөй смартфонду колдонуу аркылуу Элмурат үйүндөгү электр энергиясы менен иштей турган бардык буюм-тайымдарын автоматташтырып койду.

-Үйдөгү электр лампасынан тартып, чаң соргучка чейин аралыктан башкаруу системасына туташтырып койгом. Муну смартфондун атайын тиркемеси аркылуу ишке ашырса болот экен 

Элмурат — тубаса майып. Өткөн жылы кайрымдуу инсандар жубайы экөөнө чакан үй салып беришкен. Турак үйлүү болгон күндөн тартып, Элмурат жубайына бардык шартты түзүп берүүнү эңсейт. Анткени, ал да — тубаса майып.

-Биздин үйдөгү бардык электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлөт. Муну биринчи кезекте  жубайым кыйналбасын деп жасагам. Анткени, ал да мен сыяктуу майып. Экинчиден, замандан артта калбоонун аракети болду.

Албетте, Элмураттын мындай  аракети зор күчтү талап кылат. Бүгүнкү санариптештирүү ааламында замандан артта калбоонун аракетин көрүп, майып экенине карабай, алдыга гана умтулуп жашаган Элмураттын иши башкаларга да үлгү болорлук. Акырындап муктаждыктардын баарын смартфон аркылуу  толук чечсем деген максаты барын биз менен бөлүштү.

Copyright © 2017 Maral FM