Биз менен байланышыңыз

Бүгүн салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 601 | 0

Бүгүн, 1-апрелде Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Салык кызматынан кабарлашкандай, декларациясын тапшыра элек жарандар бүгүн эртең менеки саат 09.00дөн баштап, түн ортосуна чейин тапшыра алышат.

Эске салсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, жеке жактар, дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Аны өз убагында тапшырбаган жарандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берип, коомчулукка жарыялоо да каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM