Биз менен байланышыңыз

Словакияда биринчи жолу аял президент шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 687 | 0

Словакияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда адвокат Зузана Чапутова 58,38 % добуш алып, жеңишке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын атаандашы Еврокомиссиянын жетекчисинин орун басары Марош Шефчович 41,62 % добуш алган. Ошентип, Чапутова Словакиянын тарыхында биринчи аял президент болуп калды.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин брифингде Чапутова динине, саясий көз карашына, улутуна карабай, Словакиянын бардык жашоочуларына бирдей мамиле жасарын өлкөнүн негизги тилдери катары саналган үч тилде айтты. Чапутова буга чейин саясий кызматтарда иштеген эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM