Биз менен байланышыңыз

Улукмырза Полотов: «Устаттык — улуу кесип»

Кыргыз Эл артисти,»Манас» орденинин, «Кыргыз Республикасынын Ардактуу ардагери» төш белгисинин жана башка көптөгөн сыйлыктардын лауреаты,                    К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, учурда элибизге кеңири таанымал бир топ ырчы-аткаруучулардын кадырлуу устаты, элдик устат-шакирт мектебинин түзүүчүлөрүнүн бири Улукмырза Полотов агай устаттык өнөр тууралуу «Марал» радиосуна буларды айтып берди: 

— Бала кезимден кыргыз ырларын көп угуп, ыр-күүгө жакын өстүм. Ал убакта минтип устаттык жолду аркалап, шакирт тарбиялайм деген деле оюм жок болчу. Бул бир чети Кудай ыроологон талант болсо, бир чети мени окуткан устаттардын таасири болду көрүнөт.

Негизи, устаттык — улуу кесип. Ал чоң эмгекти, түйшүктү талап кылат. Анүчүн талыкпаган аракет жана терең, күчтүү билим керек. Учурда, Кудайга шүгүр, шакирттеримдин алды эл артисттигине чейин жетти, айрымдары жолумду жолдоп, бир катар музыкалык окуу жайларда сабак берип келишет. Шакирт тарбиялоону азыр деле үзбөй улантып келатам. Дегеним, ушу тапта Кыргызстан тургай, Түркия, Орусия, Америка, Кытай, Казакстан сыяктуу алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөн бери келип, сабак алып жаткан шакирттерим да бар. Алардын көпчүлүгү ар кандай республикалык, эл аралык кароо-сынактарга да катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырып жүрүшөт.

1 пикир

1 пикир

  1. МУХАММЕД

    18.02.2023 00:49

    Улукмырза Полотов агайды кичинемде корчумун анда мен 6жаш 7 жаш элем Атасы Полот авага тез тезден каттап турушчу мен ошондо ырчы экенин укчумун ырларын туурап айылда кыздарды жыйнап концерт откозчуубуз Улук Мырза Полотовтун ырларын ырдачуубуз Чон атам ,Полотовтун атасы Полот авалар суйунуп кол чабышчуу.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM