Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош каттамындагы учак үч саатка кечигип учту

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 491 | 0

Бүгүн 30-мартка белгиленген Бишкек-Ош авиакаттамы үч саат кеч учту. Бул тууралуу каттамга билет алган жүргүнчүлөр социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.

Аталган авиакаттамдагы учак бүгүн таңкы саат 7.55те учмак. Бирок, белгисиз себептерден улам өз убагында аткарылган эмес. Каттамды ишке ашыра турган «Air Manas» авиакомпаниясы учак техникалык себептерден улам кармалган деп билдиргенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, учактын учуусуна 11.30да уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM