Биз менен байланышыңыз

Республикалык олимпиадага 318 окуучу катышат

Без рубрики , Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 581 | 0

Кыргыз өлкөсүнүн быйылкы республикалык олимпиадасына 318 окуучу катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-31-мартта баш калаада өтүүчү Республикалык олимпиадага областтык жана Бишкек, Ош шаардык олимпиадаларынан женүүчү аталган 318 окуучу төмөнкү сабактар боюнча күч сынашат:

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Англис тили;
  • Математика;
  • Информатика;
  • Физика;
  • Химия;
  • Биология;
  • География;
  • Тарых;

Олимпиада үч окуу жайдын имаратында: химия жана биология сабактары боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда, ал эми информатика сабагы боюнча Б. Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинде, калган сабактар  профессор А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиясында өтөт.

Олимпиаданын жүрүшүн nсg.kg/online сайты түз чагылдырып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM