Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаковго эл ишенбейби?

Кыска кабар , Саясат | 26 Мар 2019 | 821 | 0

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Алар: «Айрым интернет сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган Разаков тууралуу маалымат жалган жана чагымчыл мүнөзгө ээ», — деген маалымат беришти.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын жана жакын арада укуктук баа берерин аталган комитеттин расмий өкүлү  Рахат Сулайманов билдирди.

Тажикстан менен кызматташат деп айыпталып жаткан Жеңиш Разаков Укук коргоо тармагына 1996-жылы келген. 1999-жылы Баткен окуясына катышып, «Даңк» медалы менен сыйланган. 2000-жылы ыкчам тергөө бөлүмүнүн, кийинчерээк Ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн жана 2011-2012-жылдар аралыгында Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болгон. 2012-жылдын февралынан тарта өкмөттүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. 2014-жылы Разаков жетектеп турган учурда Көк-таш-Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолунун Тажикстан менен чектешкен аймагында эки ирет курал, миномет колдонууга чейин жеткен чатак катталган.

Эл өкүлү Алманбет Шыкмаматовдун пикиринде Разаков тажик чалгындоосуна тиешеси жок экендиги далилденген күндө да, кызматтан кетиши керек. Себеби, чек ара аймагында жашаган кыргыздар Вице-премьер-министрге ишеним көрсөтпөөрүн билдиришти.

-Анын жазган каты, Тажикистандын Улуттук коопсуздук комитетине колго түшүп, 3 күн отуруп келгени интернетке чыгып жатса, өкмөт бир сөз менен эле “агент эмес” деп койду. Ага ишенүү кыйын. Ошондуктан, коомчулук буга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, дүрбөлөң боло берет. Мен деле Разаковдун башка өлкөнүн тыңчысы экендигине ишенгим келбейт. Бирок ушунча сөздөн кийин чек арада жашаган адамдардын шек саноосуна шарт түзөт. Чек ара маселеси бир-эки күндө чечилбейт. Логикага ылайык эле Разаковду отставкага кетирип, же башка кызматка дайындаш керек.

Ал эми мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бул туурасында мындай дейт:

-Ак-Сай айылындагы жолугушуу боюнча ар түрдүү видео интернетке тарады. Ал тасмаларда да эл айтып жатпайбы:”Биз  заставага кирип бекинип алган коён жүрөктөргө такыр ишенбейбиз. Кеткиле,” — деп. Эл ишенбейт деген сөздөр ошонун негизинде айтылса керек. Эгерде өзү таза болсо, кызматтык текшерүү жүргүзүүгө демилге көтөрүшү керек. Ошондо туура болмок.

УКМКнын корупция менен күрөшүү бөлүмүнүн төрагасынын мурдагы орун басары Максат Мамытканов айрым саясатчылар жагдайды түшүнбөй туруп маселе козгогонун айтат. Анын пикиринде Жеңиш Разаков арызын жазып, кызматтан кетчү болсо, күнөөсүн мойнуна алды деген таризде болуп калат.

— Разаковду иштен алыш үчүн ириде далил керек. Эгер далилденсе, жумуштан алуу менен эле чектелбей, камап коюу туура болот. Ошол эле учурда курулай каралоо башка маселе. Менимче, партия өзүнүн аброюн жоготпоону кааласа, атайын чечим кабыл алышы зарыл. Азыр Жеңиш Разаков арызын жазса, анда ал күнөөнү мойнума алдым дегенге барабар болот. Бул туура эмес. Анан да биздин саясатчылар маселени айкын түшүнбөй туруп, маселе козгоодон этият болуусун эскертет элем. Анткени мындай маселелер эки өлкөнүн ортосуна көйгөй жаратышы мүмкүн.

Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында жаңжал чыгып, таш ыргытып, ок чыгарууга чейин барышкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө шарттарды талкуулашкан. Кыргыз тараптын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM