Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Почта түйүндөрүндө маселе жаралбайт

Күн чекит | 25 Мар 2019 | 747 | 0

“Коопсуз шаар»  долбоорунун экинчи фазасы он күн ичинде ишке кирет. Камералар ушул жуманын соңуна чейин тогуз жердеги көчө кесилиштеринде орнотулмай болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов “Марал” радиосунун “Күн чекит” уктуруусуна даярдыктар тууралуу маалымат берди.

— Ыманалы мырза, февраль айынан бери иштеп баштаган “Коопсуз шаар” долбоорунун алгачкы фазасына карата анализ жүргүзүп, кандай мүчүлүштүктөрдү аныктадыңыздар? 

— Биз ал камераларды жөн эле орнотуп койгон жокпуз. Ушул кезге чейин талаптарга канчалык жооп берип жатат, жол кыймылындагы тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип аныктап жатабыз. Мындан тышкары төлөмдөрдү кабыл алчу банктык тутумда бир топ мүчүлүштүктөр  бар экенин, даярдыктар анчейин жакшы эместигин көрдүк.

— Негизи алгачкы фазаларда орнотулчу камераларга карата кандай критерийлер бар?  Же азырынча кыймыл көп болуп жаткан аймактарга басым жасалып жатабы ?

-Камераларды орнотуучу жерлерди аныктоо биринчи кезекте кайсыл жерде авариялык кырдаалга, жол коопсуздугуна жараша көбүрөөк катталганына жараша болуп жатат. Буга чейинки коюлган камералар да адамдарды сүзүп кеткен жерлер, автоунаалар көп кырсыктаган аймактар биринчи болуп көзөмөлдөнүшү керек деген талап менен коюлган.

— Бирок айып пул маселесине келгенде ошол эле “Кыргыз почтасы” жеткиргенде, кабыл албайбыз деген айдоочулар да болууда. Мындай учурларды кантип жөндөп жатасыздар? 

-Туура, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча башында тушүнбөстүктөр жана кечигип калган учурлар катталды. Кыргызстан боюнча 900гө жакын почта түйүндөрү бар. Ошолордун бардыгына жетүү кыйынчылык жаралды окшойт. Азыр төлөмдөр жакшынакай эле кабыл алынып жатат.

— Жол эрежесин бузган айдоочу айыппулду он беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мамлекет карыздын жарымын кечет деп айтылган эле. Бирок кайра эле почтага маалымат кат жетпегендиктен,убагында төлөйлүк деген ниети барлар бул жеңилдикти колдоно албай жатышыптыр…

-Бул жерде негизги маселе мындай, 50 пайыз төлөм жеңилдик каралат деген эреже биз ошол почтага өткөрүп берген күндөн тарта эсептелинбейт. Айдоочулар муну чаташтырбоосу керек. Тагыраагы, почта кызматкери ошол эреже бузган айдоочунун үйүнө ал кагазды жеткирип берип, маалымдама бергенден кийин гана эсептелип башталышы керек. Бул учурда биз да электрондук система аркылуу тастыктап калабыз. Андыктан ошол кызматкерлерге бул жаатында түшүндүрүп жатабыз.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM