Биз менен байланышыңыз

Байгутуев: Якутия мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгарат

Күн чекит | 19 Мар 2019 | 689 | 0

Бүгүн, 19-мартта Якутск шаарына Миграция кызматынын өкүлдөрү Саха Республикасынын башкармалыгынын башчысы  Ф.Борисов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Жолугушууда болуп өткөн окуялар боюнча маалымат алмашып, конфликти жоюу жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтык боюнча  сүйлөшүлдү.

Эске салсак, 17-март күнү Якутскиде иштеп жүргөн кыргызстандык жаран орус улутундагы аялды зордуктаган деген кине менен кармалган. Бул окуянын арты менен аталган шаардын жашоочулары кыргыздарга каршы митингге чыккан. Абал курчуп, ал жакта эмгектенген кыргызстандыктарга кооптуу жагдай жаралды. Якутиядагы кыргыз мигранттарына байланыштуу окуя кандай чечилет, мигранттар аралашкан терс жагдайлар канткенде жоюлат, бул маселенин алкагында Саха Республикасындагы «Манас» кыргыз диаспорасынын жетекчиси Данияр Байгутуев менен маек курдук.

Марал: Якутиядагы акыркы окуя мекендештерди, анын ичинде Кыргызстанда жашаган бизди санааркатып жатат. Айтыңызчы, Якутияда канча кыргыз бар, алар эмне менен алектенет?

Данияр Байгутуев: Якутияда 9 миңдин тегерегинде кыргыз иштейт. Алар көбүнчө тейлөө жаатында, ресторандарда, кафелерде, ошондой эле автобустарда, таксилерде иштейт.

Марал: Якутиядагы кыргыз мигранттарына байланыштуу болгон акыркы окуя иликтенип жатабы?

Данияр Байгутуев: Азыркы тапта ушул маселе көңүл чордонунда болуп жатат. Бул маселе бардыгыбыздын көкүрөгүбүздө турган нерсе, биз күнү-түнү уктабай бул маселени кандай чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Эң биринчи кезекте чечиле турчу көйгөй болуп жатат.

Марал: Мигранттарга кодулоо болуп жаткандыгынын канчалык чындыгы бар?

Данияр Байгутуев: Мисалы, расмий бийлик өкүлдөрү, коом андайга барып жатат деп мен айта албайм. Бирок ар бир коомдо терс ойдогу, радикалдуу ой жүгүрткөн адамдар бар. Беш кол тең эмес. Алардын ар биринин оозун тыюу мүмкүн эмес экен. Ошондуктан бир жаман адамдын кесепетинен жалпыга жаман сөз тийип жатат. Жалпы алганда Якутиядагы кыргыз мигранттарына кодулоо болуп жатат дегенден алысмын.

Марал: Чет жактарда кыргыз мигранттары аралашкан тер окуялар канткенде жоюлат?

Данияр Байгутуев: Эң биринчиден, ар бир өлкөдөгү диаспоралар кыргыз мигранттарынын эң төмөнкү баскычта иштегендерине чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Азыркы учурда бардык адамдар интернет, социалдык тармактарды активдүү колдонот, ушул тармактар аркылуу тийиштүү маалыматтарды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушу керек.

Экинчиден, массалык уюмдарды, мисалы спорт, маданий уюмдарды элди чакыруу катарында колдонуп, иш-чаралар убагында маалыматтар айтылып турушу керек. Элдер өзүнүн жүрүм-туруму жашаган коомуна түздөн-түз тийиштиги бар экенин сезиши керек.

Үчүнчүдөн, Кыргызстандан башка өлкөгө кетип жаткан мигранттын маданий деңгээлин жогорулатуу жакшы болмок. Себеби маданияты, интеллектуалдык деңгээли жогору адам кайсы чөйрөгө барса да өзүн татыктуу алып жүрөт.

Марал: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тең пайдасына чечилиши үчүн канчалык аракет болуп жатат?

Данияр Байгутуев: Бүгүн, 19-мартта өтө продуктивдүү сүйлөшүү болуп өттү. Ал жерде биздин өкүлүбүз чуркап жүрөт. Кыргызстандан миграция кызматынан келишти. Жыйындан жаңы эле тарадык, ал жерде жергиликтүү бийлик бизден эмнени талап кылып жатат? Эң биринчиден, кыргыз мигранты жашаган жеринин мыйзамын сактап жашасын, документтерин туура толтурсун, башка кылмышка аралашып калса мамлекеттен чыгып кетүүсүн талап кылышууда. Мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыксын, баары мыйзам чегинде жашасын деп жатышат.

Кыргызстандан келген делегация өтө көп жерде сүйлөшүү өткөрдү. Атайын келген бийлик өкүлдөрүнө биз өтө ыраазыбыз.

Copyright © 2017 Maral FM