Биз менен байланышыңыз

Акаев: «Аэропорттон кармаласын деп коркутушкан»

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 1039 | 0

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев орусиялык журналисттерге интервью берип, Кыргызстанга келер-келбеси тууралуу айтты.

Анын бүгүнкү күндө өлкөсүнө кайтып келүүсүнө эмне тоскоолдук бар жана кайра кайтууну каалайбы деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

асмий деле тоскоолдуктар жок. Болгону менин оппоненттерим келет деп сезип, мага каршы маалыматтык чабуул кылып жатышат. Айрым маалымат булактары менин дүйнө салганым тууралуу жазышыптыр. 

Акаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда эки тууганын жерге берүү үчүн мекенине келе албаганын белгилейт.

-Мени аэропортто кармаласың деп ачык коркутушту. Жээнбековдун командасы тарабынан болсо эч кандай жаман нерсе уга элекмин. Алар мага жакшы мамиле кылышат деп үмүттөнөм.

Ал мындан тышкары, өзүнө карата ачылган кылмыш иштери 12 жыл мурун токтотулганын, эч кандай кылмыш белгилери табылбаганын айтты. Ошондой эле ал өзүнүн чыныгы кесиби менен алкетенип жатканына бактылуу экенин белгилейт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM